Please wait, loading...

 

PEAK Osh колдоосу менен 18 ишкер-айым минималдык жандуу продукттарын өнүктүрүштү

20.01.2022by PEAK_admin

20-январь күнү он сегиз айым идея стадиясындагы жана башталгыч этаптагы бизнестерин биздин өнөктөштөргө, эл аралык өнүгүү уюмдарына жана бизнес ассоциацияларына презентация аркылуу тартуулашты.

Демо күн “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасынын акыркы маарекеси болду. “Бизнес айым” программасы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланып, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору менен ишке ашырылган.

Программанын алкагында айымдар өздөрүнүн бизнестерин өнүктүрүү стратегиясын, сатууларды санариптештирүү ыкмаларын колдонууну, каражаттарды баштан баштап эффективдүү колдонууну, ошондой эле бизнестерин потенциалдуу инвесторлорго жана өнөктөштөргө презентациялоону үйрөнүштү. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрүбүз бизнес эксперттердин идеялары боюнча ой-пикирлерин угуп, жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алышты.

Натыйжада Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан он сегиз айым тамак-аш өндүрүү, аутсорсинг, кейтеринг, тигүү жана билим берүү тармактарында өздөрүнүн ишкердик билимдерин өркүндөтүү менен, идеяларын ишке ашырып башташты.

Бүтүрүүчү айымдарыбызды чын жүрөктөн куттуктап, айымдарга үлгү болуп, бизнесте чоң бийиктиктерди багындыруу менен Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзүүсүн каалайбыз.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023