Please wait, loading...

 

Вебинар “Күн батареяларынын жана электр унааларынын пайдасы жана колдонулушу”

13.01.2022by PEAK_admin

 

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди 2022-жылдын 27-январында, саат 14.00дө өтө турган онлайн вебинарына чакырат. Вебинардын темасы: “Күн батареяларынын жана электр унааларынын пайдасы жана колдонулушу”.

Бүгүнкү күндө күн батареясы күнүмдүк турмушта жана өнөр жай масштабында кеңири колдонулат. Күн панелдери ар кандай объектилерди – электр унааларын, имараттарды жана гаджеттерди кубаттоо үчүн колдонулган энергия булактарынын экологиялык жактан таза альтернативасы болуп саналат. Эрмек Ниязов, вебинардын спикери, электр унааларынын актуалдуулугу жана күн батареяларынын пайдасы тууралуу айтып берет.

Эрмек Ниязов каржы, тамак-аш өндүрүшү жана телекоммуникация тармактарындагы ири компанияларды жетектеп келет. Эрмек Ниязов жана анын пикирдештери электр транспортун ошондой эле энергия булагын күнүмдүк жашоосунда активдүү колдонуп жана жайылтууда.

Вебинарга катышуу үчүн бул шилтемени басып катталыңыз https://peak-mel.com/bic/event/participants/0494b70d-78d2-46d3-87ae-ce6283ce676f/create. Zoom шилтемеси вебинарга бир күн калганда электрондук почтаңызга жөнөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023