Please wait, loading...

 

“Тенгри” устаканасы жаңы рынокторду багындырууда

18.03.2021by PEAK_admin

Тенгри компаниясынын негиздөөчүсү Улан Таштанбеков (солдо) жана цехтин директору Даулет Бабаев (оңдо) шаардын борборундагы жаңы устаканада

Жаш жана таланттуу ишкер Улан Таштанбеков өз кезинде кол өнөрчүлүк менен алек болушун чечкен. Анын “Тенгри” устаканасы табигый булгаарыдан жана кийизден ар кандай буюмдарды колго жасайт. Улан бизнести 2014-жылы, университетте төрт жыл окуп бирок юридикалык адистиктен баш тартууну чечип, акыркы окуу курстун төлөмүнө материалдарды сатып алууга жумшап, өз ишин баштаган.

Анын кол өнөрчүлүккө болгон шыгы бала кезинен эле башталган. Улан чоң атасынын Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан устаканасында устанын ишин көрүп өскөн. Чоң атасы жыгачтан, темирден жана булгаарыдан ар кандай буюмдарды колго жасаганды жакшы көргөн. Келечектеги Улан аттуу ишкердин чыгармачыл пайдубалын түптөгөн чоң атасы болгон.

2014-жылы Улан өзүнүн биринчи буйрутмасын – 700 сомдук айымдарга арналган саймалуу булгаары капчыкты жасаган. Канааттанган кардарлар жана позитивдүү пикирлер өнүмдөргө чоң талапты жаратты. Чекене буйрутмалардан баштап, бизнес буйрутмалардын саны 50гө жеткен дүң соодага чейин жеткирилген. 2017-жылы чет элдик компания өз кызматкерлери үчүн булгаары иш-буюмдарын буйрутма берген. Тилекке каршы, кардар канааттанган эмес. Бул Уландын бизнесиндеги алгач ири бизнес көйгөй жаратты. Улан чоң көлөмдөгү жумушту жалгыз гана жасоо оңой эмес экендигин түшүндү. Ошол эле жылы Улан чакан команда жалдап, тери иштетүү жана массалык өндүрүү үчүн керектүү техникаларды сатып алуу үчүн банктан 300 000 сом насыя алган. 2019-жылдын декабрь айында компания Кыргызстандагы уюлдук оператор үчүн 1500 териден жасалган аксессуарларга ири сандагы буйрутманы ийгиликтүү аяктады.

Тенгри жергиликтүү популярдуу Tumar бренди үчүн чыгарган булгаары капчыктары

2020-жылы жайында “Тенгри” Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору жана Борбордук Азия Университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби ишке ашырган “Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасына катышкан. “PEAK программасы бизге каржылык сабаттуулукту жогорулатууга жана компаниябыздын каржылык отчеттуулугун уюштурууга жардам берди. Ошондой эле, PEAKтин устаттары келечекте мүмкүн болгон каталарды алдын-алууга жардам беришти», – дейт “Бизнесиңди өстүр” программасына катышкан “Тенгри” компаниясынын өкүлү жана цехтин директору Даулет Бабаев. Программа аяктагандан кийин “Тенгри” офлайн дүкөн түзүү идеясынан баш тартып, чекене соодадан дүң соодага өтүүнү чечти. Жаңы бизнес-стратегия Улан менен Даулеттин үмүтүн толук канааттандырды, эми “Тенгри” өз ишмердүүлүгүн эл аралык рынокторго жайылтууну пландаштырып жатат. Компания өнүмдөр каталогун иштеп чыгууну баштады жана EC21 Global (B2B Marketplace), Tiu.ru (Россия базары), All.Biz Global Trade жана Alibaba сыяктуу эл аралык онлайн платформаларда жарыялоону пландаштырууда.

Австриялык интернет-дүкөн үчүн “Тенгри” коллекциясынан булгаары жана кийизден жасалган сумка

2020-жылдын ноябрь айында “Тенгри” европалык кардардан кызматташтык жөнүндө сунуш алды. Австриядагы офлайн дүкөн булгаарыдан жана кийизден жасалган сумкалар, курлар жана капчыктар сыяктуу ар кандай аксессуарларга буйрутма берди. Үлгүлөр кардар тарабынан жактырылып, “Тенгри” бул буйрутманы ийгиликтүү аткарды, анын продукциясы Австриянын чекене сатуучу жаңы интернет дүкөнүнө жайгаштырылып, бүткүл Европа базарына кызмат кылат.

Ушул убакыттын ичинде “Тенгри” дагы эки кошумча жумуш ордун түзүп, кеңсесин кеңейтип, шаардын борборундагы жаңы чоң устаканага көчтү.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023