Please wait, loading...

 

PEAK микро, чакан жана орто ишканалардан акысыз бизнес диагностикага жана бизнес консультацияга табыштамаларды алууда

06.11.2020by PEAK_admin

Акысыз бизнес диагностика жүргүзүп, бизнесиңиздин потенциалын субсидияланган бизнес-консультация аркылуу ачыңыз!

Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланган РЕАК Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы (мандан ары – PEAK) Кыргызстандагы микро, чакан жана орто ишканалар (МЧОИ) үчүн уникалдуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат. 45 мүнөттүн ичинде PEAKтин кеңешчилеринин маалымат базасына кирген жогорку квалификациялуу бизнес-кеңешчилер бизнести диагностикалоо боюнча инновациялык курал менен бизнесиңиздин натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуучу багыттарды аныктоого жардам берет. Бизнес диагностикалоо бүтөөрү менен, рекомендацияларды ишке ашыруу үчүн бизнес-консультацияга субсидия алууга табыштама берүү мүмкүнчүлүгүңүз болот.

Диагностикалык курал эмнени сунуш кылат?

  • Жети негизги багыттар боюнча бизнестин потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тез баалоо (өндүрүштүк ишмердик, суроо-талап, бизнести башкаруу, каржы, коопсуздук, жеткирүү тармагы жана кызматкерлер)
  • Тармактык стандарттарга жана атаандаштарга салыштырмалуу бизнестин натыйжалуулугу жөнүндө сандык жана сапаттык отчет
  • Бизнести өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар

Сиз үчүн кандай артыкчылыктар бар?

  • COVID-19дан кийин бизнесиңиздин туруктуулук деңгээлин жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү
  • Бизнес моделин өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү
  • Бизнес тармагын кеңейтүү жана рынокко жетүүнү жакшыртуу
  • PEAK аркылуу бизнести жакшыртуу долбооруна бизнес-кеңешчинин кызматтарына байланыштуу сарптоолорун 85%ына чейин жабуучу субсидия алууга табыштама берүү, жаңы жумуш орундарын сактап калуу же түзүү, инновацияларды иштеп чыгуу жана бизнестин кирешелерин көбөйтүү.

Ким табыштама бере алат?   

Табыштама берүү үчүн МЧОИ төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • Кыргызстанда каттоодон өткөн болушу керек;
  • акциялардын контролдук пакети (башкача айтканда >51%) кыргызстандык компаниясына таандык болушу керек;
  • жергиликтүү мыйзамдык ченемдерге ылайык чакан* же орто ишкананын аныктамасына жооп берүүсү керек;
  • коммерциялык же киреше алып келүүчү иш-аракеттерди 12 айдан кем эмес жүргүзүүсү керек;
  • негизги ишмердүүлүк артыкчылыктуу тармактардын бирине жүргүзүлөт (топтолгон): агробизнес/ тамак-аш өнөр жайы, МКТ (маалыматтык-коммуникациялык технологиялар), саламаттыкты сактоо жана бакубат жашоо, билим берүү, текстиль жана кийим-кече, каржы кызматтары, чекене жана дүң соода, кызмат көрсөтүү, кампа сактоо/ транспорт /логистика, чакан өндүрүш, же Хорека (HoReCa);
  • лидерлик жөндөмдүүлүк, өзгөрүүгө жана PEAK менен маалымат алмашууга даяр болуу;
  • мамлекеттик структуралар же өкмөт менен байланышпаган жеке ишкер болуу (мамлекеттин менчигисиз);
  • ишмердүүлүк баштапкы айыл чарба, алкоголдук ичимдиктерди, тамеки өнүмдөрүн өндүрүү, кумар оюндары жана экологиялык терс кесепеттерге байланыштуу болбошу керек.

Экономикалык ишмердүүлүккө катышкан кооперативдер жана коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ), ошондой эле каттоодон өтө элек, бирок катталууну пландаштырып жаткан ишканалар дагы кайрыла алышат.

*Чакан ишканаларга жылдык кирешеси катталганда жарыяланган КНСтин (НДС) 8 миллион сом чегинен ашпаган жана кызматкерлердин саны 15тен ашпаган уюмдар же жеке ишкерлер кирет; ал эми орто ишканалар – жылдык кирешеси каттоодо жарыяланган КНСтин (НДС) чегине барабар же андан ашкан, бирок жылдык кирешеси 30,0 миллион сомдон ашпаган жана 16тен 50гө чейин кызматкери бар уюмдар жана / же жеке ишкерлер.

Төмөнкү критерийлердин жок дегенде бирине жооп берген ишканаларга артыкчылык берилет:

  • Бизнестин көпчүлүк бөлүгү (> 51%) социалдык аярлуу топтордун өкүлдөрүнө таандык жана булар тарабынан башкарылат: аялдар, жаштар (18-28 жаш), (акыркы эки жылда) кайтып келген мигранттар, этникалык азчылыктар.
  • Уюм социалдык аярлуу топтордун жумушчуларын жалдайт же колдойт же ушул топтогу ишкерлерге пайда / киреше алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  • Бизнес төмөнкү кардарларга / керектөөчүлөргө багытталган: социалдык аярлуу топтордун өкүлдөрүнө жана / же озунун жеткирүү чынжырында аярлуу ишканаларды камтыйт.

Табыштаманы кантип берүү керек?

Табыштаманы берүү үчүн бул шилтемедеги форманы толтуруңуз https://peak.kg/kg/biznesti-akysyz-diagnostikaloogo-t-nm/. PEAK табаштамаларды келип түшүү тартибинде, кезеги менен карап чыгат.

Бизнес диагностикалоо жана субсидия алуу тууралуу толук маалымат бул шилтемеде https://peak.kg/kg/akysyz-diagnostika-zhana-subsidiya/.

Жаңылыктарды сайтыбызда же социалдык баракчаларыбызда көрсөңүз болот.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023