Please wait, loading...

 

Fanki: Ишкердүүлүк боюнча дүйнө чемпионатынын Топ-25ке кирген Кыргызстандан стартап

12.11.2020by PEAK_admin

Мирлан Джумагулов, “Fanki” стартаптын негиздөөчүсү, “Ирокез” ЖЧКсынын башкы директору

Дүйнөдөгү эң ири стартаптар конкурсу болгон Ишкердүүлүк боюнча дүйнө чемпионаты (EWC) 200 өлкөнү камтыйт жана бардык деңгээлдеги ишкерлерди идея же өсүү баскычтан жогору көтөрөт. Конкурс стартаптар үчүн баалуу сыйлыктарды сунуш кылат: жалпы акчалай сыйлык түрүндөгү 1 миллион АКШ доллары, акчалай эмес колдоо иретинде 75 миллион АКШ доллары, онлайн окутуу ресурстары менен дүйнөлүк платформага кирүү, устатчылык жана инвестиция алуу мүмкүнчүлүктөрү.

Кыргызстан, стартап чөйрөсү ѳнүгүп жаткан Борбордук Азиядагы ѳлкѳ, бул дүйнөлүк конкурска Улуу Британиянын Өкмөтүнүн  UK Aid аркылуу каржыланган жана DAI тарабынан ишке ашырылган РЕАК Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы өлкөнү EWC картасына киргизгенге чейин катышкан эмес.

2020-жылдын август айында, чакан жана орто ишканалардын ички адам ресурстары боюнча процесстерди жана жумуш агымдарын жѳнгѳ салуу жана башкаруу чечимин сунуш кылган “Fanki” стартапы, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу  өткөрүлүп жаткан EWC улуттук финалында эки жеңүүчүнүнүн бири болуп жарыяланды.

Кийинки турга өткөн “Fanki” айкалышкан онлайн окутууларга жана устатчылык жолугушууларга катышып, EWC дүйнөлүк финалына катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган “EWC 100” мыкты стартаптарынын тизмесине кирди.

“Чакан жана орто ишканалардын адам ресурстары боюнча менеджерлери, адатта, адам ресурстарына тиешелүү күнүмдүк суроолорду чечүүгө жылына 100 жумушчу күнгө чейин арнашат. “Fanki” менен, бул жылына 20 жумушчу күн эле алат”, – деп сүрөттөйт “Fanki” долбоорунун негиздөөчүсү Мирлан Джумагулов.

Бул прогрессивдүү стартап EWC дүйнөлүк калыстар тобу тарабынан жогору бааланып, 200 өлкөдөн 175000дей катышуучулардын арасынан тандалган 25 финалисттердин ичинде жарым финалга өтүп, миллиондогон доллар сыйлыктарды алуу үчүн атаандашты.

“Fankiнин ийгилиги Кыргызстандык стартаптарга дүйнөнү жакшырта турган идеяларды дүйнөлүк деңгээлде бөлүшүүгө түрткү берди”, – дейт Кыял Султанбаева, Кыргызстандагы EWC улуттук уюштуруучунун өкүлү.

PEAКтин Tech Accelerator программасында «Fanki» ишканасынын негиздөөчүлөрү Мирлан Джумагулов (оң жакта) жана Арсен Абдрахманов (кийинки)

Fankiнин негиздөөчүлөрү – Мирлан Джумагулов жана Арсен Абдрахманов – 2005-жылы университетке киргенде таанышып, 2013-жылы ЖЧК “Ирокез” деген графикалык дизайн студиясын түзүшкөн. 2018-жылы, алардын кызматкерлери 3 адамдан 30 адамга чейин кеңейгенде, алар адам ресурстарына тиешелүү маселелерге туш болушкан. Кийинки жылы, алар чакан жана орто ишканаларга жаңы кызматкерлерди тартууга, кызматкерлер менен иштешүүгө жана кызматташууга, ошондой эле ишкананын адам ресурстарына тиешелүү иш-аракеттерди оңой жана натыйжалуу уюштурууга жана башкарууга жардам берген IT-чечимин иштеп чыгышты. Бирок, Мирлан менен Арсен банктарга насыя карыздарын көзөмөлдөө үчүн IT-чечими болгон экинчи “Monki” стартапына артыкчылык беришип, 2020-жылдын январь айында PEAK Bishkek Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун технологиялык стартаптарга арналган “Tech Accelerator” аттуу акселерациялык программасына кайрылышкан. Акселерациялык программанын жүрүшүндө, команда “Monki” стартаптын “Fanki” стартапка салыштырганда потенциалдуу рыногунун көлөмү бир кыйла аз экендигин түшүнүштү. Ошентип, команда өзүнүн артыкчылык багыттарын карап чыгып, PEAKтин устаттарынын колдоосу менен Fankiнин маркетинг стратегиясын, ошондой эле инвесторлор менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүштү.

“Биз “Tech Accelerator” программасы жок, Ишкердүүлүк боюнча дүйнө чемпионатына катышпайт болчубуз. “Tech Accelerator” Fanki стартапыбыз боюнча стратегиябызды жакшыртууга жардам берди. Биз рынокко кирүү стратегиябызды карап чыгып, негизги рынок катары Россияга көңүл бурдук жана ал жерде филиалды каттоодон өткөрдүк”, – дейт Мирлан. “Эгерде биз “Tech Accelerator” программасына кошулбасак, анда мындай натыйжаларга бир топ убакыттын ичинде жетмекпиз, балким дагы көптөгөн каталар кетмек”, – деп кошумчалайт Арсен.

Ишкердүүлүк боюнча дүйнө чемпионатына катышуу менен Мирлан жана Арсен 850000 АКШ долларына бааланган акчалай эмес кызмат көрсөтүүлөрдүн пакетин, тажрыйбалуу устаттардын акысыз окутуу материалдарын алуу мүмкүнчүлүгүн, Zoom, Amazon Web Services жана Shopify сыяктуу ондогон өнөктөштөрдүн 25 000 АКШ долларына бааланган бонустарын алышты жана Кыргызстанда жана дүйнө жүзү боюнча Fanki стартап таанымал болуп, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатты.

Эскерте кетсек, “Fanki” PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы тарабынан сунушталган дагы бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланды. Кыргызстандагы PEAK тарабынан колдоого алынган дагы эки стартап менен катар “Fanki” “Ignite” программасына катталды. “Ignite” – бул ишкердикке умтулган ишкерлер үчүн бизнес идеяларын же технологиялык ойлоп табууларын рынокко чыгаруу үчүн интенсивдүү бир жумалык программа. “Ignite” программасы РЕАК консорциум өнөктөшү, Кембридж университетинин Джадж атындагы бизнес мектеби тарабынан башкарылат.

www.fankihr.com дарегиндеги Fanki платформасынын сүрѳтү

Азыркы учурда, “Fanki” биринчи сатуусун баштап, каражат издеп жатат. COVID-19 кырдаалына байланыштуу чакан жана орто ишканалардын көпчүлүгү бизнес процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү зарылдыгын түшүнүштү, ошондуктан Fanki стартаптын кызматтарына суроо-талап туруктуу өсүп жатат. Жакынкы мезгилде, “Fanki” өз кызматкерлеринин айлык акыларын жогорулатууну жана Россиядагы жана Казакстандагы филиалдарды алыс аралыктан колдоо үчүн Кыргызстанда кошумча кызматкерлерди жалдоону пландаштырууда. Узак мөөнөттө, кызматкерлердин саны төрт эсе көбөйтүлүп, 40 кызматкерге жетиши мүмкүн.

https://fankihr.com/

PEAK жөнүндө

PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы өзүнүн Бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборлору аркылуу өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип, ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантууга жана улуттук, региондук, эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет. PEAK Кыргызстандагы 400дөн ашуун стартаптар, микро, чакан жана орто ишканалар үчүн акселерациялык программалаларды уюштурат, ошону менен 2500 жергиликтүү жумуш орундарын сактап калууга жана түзүүгө салым кошот.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023