Please wait, loading...

 

PEAK Osh борбору бүтүрүүчүлөр клубунун жолугушуусун өткөрдү

04.04.2022by PEAK_admin
2022-жылдын 31-мартында PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору бүтүрүүчүлөр клубунун жолугушуу аземин уюштурду.
Бул иш-чарага Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт катышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Манапов Уристем Ибраимович бүтүрүүчүлөрүбүз жана жалпы жамаат менен маек куруп кетти. 

Салтанаттуу иш-чара PEAK программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө бири-бири менен жана PEAKтин өнөктөштөрү жана пикирлеш коомчулугу менен байланыш түзүп, тажрыйба менен бөлүшүп жана бизнес өнөктөштүктү курууга мүмкүнчүлүк берди.

Кубанычтуу иш-чарада PEAK Osh борбору өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен бөлүшкөнчө, PEAK Osh борборунун “Мигрант ишкер” пре-акселерациялык программасынын алкагында USAID каржылаган “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун (Winrock International) гранттык колдоосуна ээ болгон жеңүүчүлөргө сертификаттарды ыйгарып, алардын жетишкендиктерин белгилеп кетти.

Ошондой эле, PEAK Osh атайын сыйлыктарын мыкты өнөктөштүк мамилелерди түзүп келген кесиптештерибизге жана бүтүрүүчүлөрүбүзгө ыйгарды.

PEAK Osh борбору баарыңыздарга келип, кубанычыбызды тең бөлүшүп кеткениңиздер үчүн ыраазычылык билдирет.

Ишкерлерибиз келечекте дагы чоң бийиктиктерди багындырып, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө зор салым кошот деп ишенебиз!

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023