Айымдар үчүн өз бизнесин ачуу боюнча акысыз окутуу! Ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айлантыңыз!
PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда.
Программага катышууга бизнес-идеясы бар же ишкердикти жаңы баштап келе жаткан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан айымдар чакырылат.
Программа Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, эч кандай акы талап кылбайт.
Алты жуманын ичинде сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтөсүз:
- рынокто өз ордун кантип табууну;
- товар же кызматты кантип жарнамалоо жана сатууну (анын ичинде санариптик платформалар аркылуу);
- финансылык башкарууну;
- бизнести расмий каттоону жана кандай салыктарды төлөөнү;
- бизнесиңизди өнөктөштөргө жана инвесторлорго кантип сунуштоону;
- ошондой эле гендердик адис өзүн-өзү мотивациялоо жана бизнес менен жеке жашоонун ортосундагы балансты сактоо боюнча практикалык сунуштарды берет.
Программага төмөнкү шарттарга жооп берген айымдар өтүнмө бере алат:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ;
- туруктуу бизнес-идеясы же башталгыч этаптагы бизнеси бар (сата турган өнүм же кызматтын жөнөкөй нускасына ээ болуу артыкчылык берет);
- программанын жүрүшүндө түзүлө турган же өнүгө турган бизнестин негиздөөчүсү же тең уюштуруучусу болуу;
- ишкананы Кыргызстанда расмий түрдө каттоого ниет;
- программага катышууга жана аны аяктоого милдеттүү болуу (алты жумалык программанын жүрүшүндө жумасына 8 саатка чейин убакыт бөлүүгө даяр);
- жакшы ылдамдыктагы Интернет байланыш жана керектүү жабдуу (компьютер).
Өтүнмө формасын толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз:
https://forms.gle/PpbvdwCye22tZViV9.
Өтүнмөлөр 17-октябрь саат 23:59 чейин кабыл алынат.
«Бизнес айым» программасы тууралуу кошумча маалымат алгыңыз келсе, 3-октябрь күнү саат 16:00 жана 11-октябрь күнү саат 16:00 өтө турган маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтемелер аркылуу катталыңыз: