Please wait, loading...

 

Scargos: Борбордук Азиядагы логистика секторун өзгөртө турган технология

28.10.2021by PEAK_admin

Богдан Тагаев, SCARGOS компаниясынын негиздөөчүүсү

Демилгелүү жана тайманбас Богдан Тагаев ата-теги кыргыз, Украинанын Харьков шаарында төрөлгөн. Богдандын ата-энеси инженердик технологиялар боюнча адистери болгондуктан, ал өзүнүн бул илимдерге карата жөндөмүн атасы менен апасынан  өткөндүгүн баса белгилейт. “Бизнес башкаруу” жана “Коммуникация системаларынын инженери” аттуу тармактар боюнча эки университеттин бүтүрүүчүсү Богдан Тагаев 1998-жылы Швециянын Стокгольмдо жайгашкан көп улуттуу тармактык жана телекоммуникациялык компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштөө сунушун алды. Ал учурда LM Ericsson Кыргызстанда санариптик байланыш үчүн станцияларды орнотуп жаткан. Богдан Тагаев өзүнүн эмгек жолун жөнөкөй кызматтан баштап, көп өтпөй эле жетекчилик кызматты ээледи жана Кыргызстандын рыногунда LM Ericsson компаниясынын максаттарын ишке ашырууга жардам бере баштады. Жумуш боюнча Богдан Европа өлкөлөрүнө бат-баттан барып турган, атап айтканда, ал Швеция, Англия жана Хорватияда көп жолу болуп, чет элдик кесиптештеринен жаңы тажрыйбаларды үйрөнгөн.

Телекоммуникация тармагында эл аралык чоң тажрыйбаны топтогон Богдан жана анын өнөктөштөрү Кыргызстанда өздөрүнүн «Sapatcom» компаниясын ачууну чечишкен. Компания 2000-жылдары уюлдук байланышта жаңылык киргизген CDMA-450 инновациялык технологиясын колдонгон. Sapatcom Бишкек шаарынын тургундары үчүн маанилүү көйгөйдү чечкен – ал учурда Бишкектин тургундары үчүн байланыш линиялары жетишсиз болгон. Ошол эле учурда Богдан Тагаев Лондон жана Бишкектин уюмдарында консультант да болуп иштеген.

2010-жылы Богдан Тагаев жана анын командасы кийинки долбоорду каржылык технологиялар тармагында ишке ашырган. Алардын “Epay” компаниясы Кыргызстандагы 15 ири банк менен өнөктөш болуп, алар үчүн төлөмдөрдү иштетип турган. Компания өлкөнүн калкы үчүн бирдиктүү электрондук чөнтөктү түзүүгө багытталган.

2019-жылы Богдан Тагаев пикирлештери менен “SCARGOS” аттуу стартап долбоорун иштеп чыгышты, ал жүк жөнөтүүчүлөрдү, ташуучуларды жана диспетчерлерди ачык жана ыңгайлуу түрдө бириктирген транспорттук онлайн платформа жана хаб. Бирок Богдан үчүн логистика тармагы оор келип, стартапка профессионалдык колдоо керек экенин түшүндү.

2020-жылы Богдан PEAKтин технологиялык стартаптарга багытталган акселерациялык программасына катышууга арыз берген. АКШдан келген эл аралык PEAKтин эксперттеринен кеңеш алып, Богдан бизнес жаатында билимин өркүндөтүп, программанын демо-күнүнөн кийин өзүнүн стартапына инвестиция тарта алган.

“PEAK программасы мага питчинг боюнча жөндөмдөрүмдү жакшыртууга жардам берди, мен аны инвестицияларды тартуу үчүн колдонуп жатам”, – дейт Богдан.

Жалпысынан, минималдуу жашоого жөндөмдүү продукт (MVP) түзүлгөн учурдан баштап финалдык продукцияны ишке киргизүүгө чейин Богдан Тагаев 200 000 долларга жакын инвестиция тарта алды.

SCARGOS жакында өз платформасын Telegram менен интеграциялап, кызматтары мобилдик тиркеме аркылуу жеткиликтүү болду. Андан тышкары, SCARGOS Россиянын камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөн.

“Covid-19га байланыштуу чектөөлөрдөн улам логистикалык кызматтарга суроо-талап кескин өстү, азыр биз бизнесибизди кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз жана кошумча инвестицияларды издөөдөбүз”, – деп кошумчалады Богдан Тагаев.

“SCARGOS” мобилдик интерфейсинде иш алгоритми көрсөтүлүүдө

Бүгүнкү күндө SCARGOS долбоорунда 5000ге жакын катталган жана платформанын 500 туруктуу колдонуучулары бар. Алардын көбү Россия жана Казакстандан келген кардарлар. Платформа ошондой эле өзүнүн кардар рыногун кеңейтүүдө жана Россиядагы Food City ири дүң базары менен кызматташат.

PEAK жөнүндө

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланган PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын алкагында түзүлгөн. Борбор өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип, ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантууга жана улуттук, региондук, эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет. 2023-жылдын апрелине чейин PEAK программасы Кыргызстандагы 400дөн ашык стартаптарды жана микро, чакан жана орто ишканаларды окутуу аркылуу жумуш орундарын сактап калууга жана түзүүгө салым кошот.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023