Please wait, loading...

 

PEAK Osh борбору “Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо” программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

02.02.2022by PEAK_admin

PEAK менен экспорттоону үйрөнүп, тигүүчүлүк тармагында дүйнөнү багынтыңыз!

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору тигүү ишканалардын жетекчилерин жана негиздөөчүлөрүн «Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо» программасына катышууга чакырат. Өтүнмөлөр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иш алып барган микро, чакан жана орто бизнестеринен кабыл алынат (артыкчылык Ош шаарынын жана Ош облусунун ишканаларына берилет).

Программа экспорттук мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билимдерди жогорулатып, эл аралык рыноктордун эрежелерин, муктаждыктарын жана экспорттук талаптарын түшүнүп, эл аралык суроо -талаптарына жооп берүү менен тигүү жана кийим-кече тармагындагы ишканалардын экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган.

Программа Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, акы талап кылбайт.

Бул жети жумалык программа кыргыз тилинде өтөт. Программа онлайн жана офлайн интерактивдүү окуу семинарларды, жеке консультацияларды жана конок сессияларды камтыйт.

Программанын жүрүшүндө сиз төмөнкү темалар боюнча билимиңизди өркүндөтө аласыз:

  • Маркетинг жана сатуулар;
  • Интернет аркылуу соода жүргүзүү жана санариптик маркетинг;
  • Каржылык башкаруу;
  • Өндүрүш жана сапатты башкаруу;
  • Персоналды башкаруу;
  • Экспорттук процесстер жана талаптар.

Программага төмөнкү шарттарга жооп берген Кыргызстандагы ишканалардын негиздөөчүүлөрү жана жетекчилери өтүнмө бере алат:

  • Компания тигүү тармагында иш алып баруусу керек;
  • Ишкана алты айдан кем эмес иштеп, кирешеси жылына 30 миллион сомдон ашпашы абзел;
  • Ишканада 50 адамга чейин жумушчулар эмгектенүүсү зарыл (толук жана толук эмес графиктин негизинде);
  • Ишкана расмий каттоодон өткөн болуусу зарыл (патент, жеке ишкер же ЖЧК формасында иш алып баруусу мүмкүн);
  • Компания товарларын экспорттойт же жакынкы алты айдын ичинде экспорттоону баштоону пландоосу керек;
  • Катышуучу туруктуу (ылдамдыгы 20 Мб/секундасынан кем эмес) интернетке туташкан жабдууларга (компьютер / ноутбук) ээ болуусу зарыл;
  • Катышуучу кыргыз тилинде эркин сүйлөшү абзел;
  • Программага жумасына 9 саат убакыт бөлүүгө даяр болуу керек.

Өтүнмөнү толтуруу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: https://forms.gle/DNe7e5w8eqfLhtTD6.

Өтүнмөлөр 23-февраль саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023