Please wait, loading...

 

Вебинар: “Жаңы салык кодексинин жалпы жана бирдиктүү салык режимдери”

02.02.2022by PEAK_admin

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөр 2022-жылдын январь айынан ишке киргизилди. Салык кодексинин эрежелерин түшүнүү ишкерлерибиз үчүн абдан маанилүү.

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди “Жаңы салык кодексинин жалпы жана бирдиктүү салык режимдери” аттуу онлайн вебинарга чакырат.

Спикер Бакытбек Сартмаметов – Ош шаарындагы “Ишкердикти колдоо борбору” долбоорунун юридикалык консультанты.
Бакыт Сартмаметов сиздер менен салык кодексинин өзгөрүүлөрүн талкуулап, ишкерлерге коюлган талаптар боюнча маек курганча, сиздердин суроолоруңуздарга жооп берүүгө даяр.

Сиздерди 11-февралда саат 16:00дө онлайн вебинарда күтөбүз. Вебинарга катталуу үчүн бул шилтемедеги форманы алдын ала толтуруңуздар https://peak-mel.com/bic/event/participants/dc69acbf-3c0f-4829-9b8e-08cb2500e5a9/create.

Вебинар кыргыз тилинде Zoom аркылуу өтөт. Катышуу акысыз.

Вебинардын Zoom шилтемеси сиздер каттоо формасында көрсөткөн электрондук дарегиңиздерге алдын ала жөнөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023