Please wait, loading...

 

Вебинар “Аялзаттын ишкердикте ийгиликке жетүү сырлары”

13.12.2021by PEAK_admin

Аялзаттын табияты керемет: айымдар бардык нерсеге шыктуу жана чебер болушат. Азыркы мезгилде айымдарыбыз ишкердикте чоң ийгиликтерге ээ болуп жатышат.

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди «Аялзаттын ишкердикте ийгиликке жетүү сырлары» аттуу онлайн вебинарга чакырат.

Спикер Гүлжан Мураталиева – Кыргызстан боюнча өз кызматын көрсөткөн “MEDIKANA PLUS” диагностикалык лабораториясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси.

Гүлжан Мураталиева сиздер менен айым катары өзүнүн ишкердиктеги он жылдык тажрыйбасында үйрөнгөн ийгилик сырлары менен бөлүшүп, өз кеңешин берүүгө даяр.

Сиздерди 13-декабрда саат 16:00дө онлайн вебинарда күтөбүз. Вебинарга катталуу үчүн бул шилтемедеги форманы алдын ала толтуруңуздар http://peak-mel.com/bic/event/participants/242bbee5-8f03-4773-a1c0-04e1aa77cf8d/create.

Вебинар кыргыз тилинде Zoom аркылуу өтөт. Катышуу акысыз.

Вебинардын Zoom шилтемеси сиздер каттоо формасында көрсөткөн электрондук дарегиңиздерге алдын ала жөнөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023