Please wait, loading...
PEAK Устатчылык программасынын максаты – PEAK бизнести өнүктүрүү программаларынын алкагында Кыргызстандагы стартаптарга жана өнүгүп келе жаткан ишканаларга маанилүү колдоо көрсөтүүчү жана кеп-кеңеш берүүчү кесипкөй устаттар тобун түзүү. Устаттар ишкерлердин ой-пикирлерин жана сунуштарын угуп-көрүп, үйрөнүү жана баарлашуу чөйрөсүндө аларга кеп-кеңеш берип, алардын бизнес алып баруу жөндөмдөрүн андан ары да өрчүтүүгө көмөк көрсөтөт.
Устатчылык программасынын алкагында PEAK бизнести өнүктүрүү программаларынын катышуучуларына PEAKтин тажрыйбалуу жана билимдүү устаттар тармагынан ылайыктуу устатты табып берет. Устат компаниянын алсыз жактарын аныктап, андан ары өсүп-өнүгүү жолдорун табууга жардам берет.
PEAK устатчылыкты ишкерди кесиптик жактан өнүгүп-өсүүсүн колдоо боюнча мамиле деп түшүнөт. Бул ишкерди колдоо, шыктандыруу жана ага бизнесин жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн түрткү берүү. Устатчылык сессиялары жекеме-жеке жана ишкерлердин көбүрөөк саны пайдасын көрүш үчүн топ-топ болуп онлайн (виртуалдуу) жана офлайн (Covid-19 коргоо чараларын сактоо менен) режиминде өткөрүлөт.
Сиз шакиртке ай сайын өз ыктыярыңыз менен (акысыз) жок дегенде төрт саат бөлүшүңүз керек. Устатчылык программасы ар бир шакиртке 2-3 ай созулат. Жеке устатчылык сессиясынын графиги устат менен шакирттин ортосунда өз ара макулдашылат. Эгер сиз бир нече шакиртти колдоп жатсаңыз анда сиз топтук устатчылык сессиясын уюштурсаңыз болот.
Сиз өзүңүздүн жана ишкердин жашоосун жаңы нукка бурулушуна салым кошо аласыз. Устатчылык сизге көптөгөн артыкчылыктарды сунуштайт: тандалган стартаптарга (эгер сиз инвестициялык мүмүнчүлүк издеп жатсаңыз) жетүү, өндүрүштөгү жаңы тенденцияларды билүү, жөндөмдөрүңүздү жана мүмкүнчүлүктөрүңүздү жакшыртуу, Кыргызстандын ишкердик экосистемасынын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуу.
PEAK сизге (сиз PEAKтин устаттар тобуна кошулгандан кийин жана андан ары зарылдыгына жараша) кыска тааныштыруу устатчылык сессияларын уюштуруу аркылуу сиз шакирт менен ийгиликтүү мамиле түзүп кетүүгө талап кылынган баардык керектүү колдоону көрсөтүп, маалымат берип турат. Шакирттер бизге устатчылык сессиялары тууралуу өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, сиздин устат катары өсүшүңүзгө кайсы жерлерге көңүл бурушуңуз керектигин аныктоого жардам берет.
PEAK устаттардын эки категориясына табыштамаларды кабыл алат: улук устат жана кесиптеш-устат.
Эгер сиз ишкердикте он жылдан ашык тажрыйбасы бар бизнес-практик же ар түрдүү экономикалык тармактагы корпоративдик компанияда башкы директор, негиздөөчү, башкы менеджер же улук менеджер болсоңуз анда “улук устатка” табыштама берсеңиз болот.
“Кесиптеш-устатка” табыштама берүү талабы – PEAKтин акселерациялык программасынын бүтүрүүчүсү болуу. PEAK өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана лидерлик сапаттарын устатчылык аркылуу жакшыртууга умтулат.
Эгер сиз кыска тизмеге кирсеңиз, сиздин калоолорду жана күтүмдөрдү тактап билүүгө багытталган кыска бейрасмий интервьюга чакырыласыз.
Текшерүүдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин, сиз PEAKтин устаттар тобуна кошулду деген билдирүү аласыз жана PEAKтин устатчылык тааныштыруу сессиясына чакырыласыз.