Please wait, loading...

 

Кыргызстандын микро, чакан жана орто ишканаларына устат болуп – жашоону жакшы
жакка өзгөрт!

Сиз ишкерлерди колдоп, шыктандырып, алардын бизнеси алдыга жылып, өнүп-өсүшүн каалайсызбы? Сиз ишкерлерди окутуп-үйрөтүү үчүн айына белгиленген бир өлчөмдө убакыт бөлө алган тажрыйбалуу жетекчи же бизнес практиксизби? Эгер ошондой болсоңуз, анда биз сизди Устатчылык програмасына катышууга чакырабыз.

PEAK Устатчылык программасынын максаты – PEAK бизнести өнүктүрүү  программаларынын алкагында Кыргызстандагы стартаптарга жана өнүгүп келе жаткан ишканаларга маанилүү колдоо көрсөтүүчү жана кеп-кеңеш берүүчү кесипкөй устаттар тобун түзүү. Устаттар ишкерлердин ой-пикирлерин жана сунуштарын угуп-көрүп, үйрөнүү жана баарлашуу чөйрөсүндө аларга кеп-кеңеш берип, алардын бизнес алып баруу жөндөмдөрүн андан ары да өрчүтүүгө көмөк көрсөтөт.
Устатчылык программасынын алкагында PEAK бизнести өнүктүрүү программаларынын катышуучуларына PEAKтин тажрыйбалуу жана билимдүү устаттар тармагынан ылайыктуу устатты табып берет. Устат компаниянын алсыз жактарын аныктап, андан ары өсүп-өнүгүү жолдорун табууга жардам берет.

Устатчылык деген эмне?

PEAK устатчылыкты ишкерди кесиптик жактан өнүгүп-өсүүсүн колдоо боюнча мамиле деп түшүнөт. Бул ишкерди колдоо, шыктандыруу жана ага бизнесин жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн түрткү берүү. Устатчылык сессиялары жекеме-жеке жана ишкерлердин көбүрөөк саны пайдасын көрүш үчүн топ-топ болуп онлайн (виртуалдуу) жана офлайн (Covid-19 коргоо чараларын сактоо менен) режиминде өткөрүлөт.

Канча убакыт жумшоо керек?

Сиз шакиртке ай сайын өз ыктыярыңыз менен (акысыз) жок дегенде төрт саат бөлүшүңүз керек. Устатчылык программасы ар бир шакиртке 2-3 ай созулат. Жеке устатчылык сессиясынын графиги устат менен шакирттин ортосунда өз ара макулдашылат. Эгер сиз бир нече шакиртти колдоп жатсаңыз анда сиз топтук устатчылык сессиясын уюштурсаңыз болот.

Мен эмнеге устат болушум керек?

Сиз өзүңүздүн жана ишкердин жашоосун жаңы нукка бурулушуна салым кошо аласыз. Устатчылык сизге көптөгөн артыкчылыктарды сунуштайт: тандалган стартаптарга (эгер сиз инвестициялык мүмүнчүлүк издеп жатсаңыз) жетүү, өндүрүштөгү жаңы тенденцияларды билүү, жөндөмдөрүңүздү жана мүмкүнчүлүктөрүңүздү жакшыртуу, Кыргызстандын ишкердик экосистемасынын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуу.

Мен эмнеден баштаарымды же эмне кылаарымды билбейм

PEAK сизге (сиз PEAKтин устаттар тобуна кошулгандан кийин жана андан ары зарылдыгына жараша) кыска тааныштыруу устатчылык сессияларын уюштуруу аркылуу сиз шакирт менен ийгиликтүү мамиле түзүп кетүүгө талап кылынган баардык керектүү колдоону көрсөтүп, маалымат берип турат. Шакирттер бизге устатчылык сессиялары тууралуу өздөрүнүн ой-пикирлерин айтып, сиздин устат катары өсүшүңүзгө кайсы жерлерге көңүл бурушуңуз керектигин аныктоого жардам берет.

Ким табыштама бере алат?

PEAK устаттардын эки категориясына табыштамаларды кабыл алат: улук устат жана кесиптеш-устат.
Эгер сиз ишкердикте он жылдан ашык тажрыйбасы бар бизнес-практик же ар түрдүү экономикалык тармактагы корпоративдик компанияда башкы директор, негиздөөчү, башкы менеджер же улук менеджер болсоңуз анда “улук устатка” табыштама берсеңиз болот.
“Кесиптеш-устатка” табыштама берүү талабы – PEAKтин акселерациялык программасынын бүтүрүүчүсү болуу. PEAK өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана лидерлик сапаттарын устатчылык аркылуу жакшыртууга умтулат.

https://peak.kg/wp-content/uploads/2021/01/Apply.jpg

Табыштаманы кантип берүү керек?

Даярсызбы? PEAKтин устаты болуу үчүн төмөндөгү баскычтар менен таанышып чыгыңыз.
1-баскыч: Табыштама берүү
PEAKтин жарыясы веб-сайтта жана социалдык түйүндөрдө жайгашкан. Жарыя убакыт менен чектелбейт жана мөөнөтсүз – табыштамалар үзгүлтүксүз негизде кабыл алынат.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Табыштаманы толтуруңуз.
2-баскыч: Тандап алуу
PEAK сиздин табыштаманы аныкталган талаптарга карата карап чыгып, эгер сиз кесипкөй кандидат болсоңуз анда сизди кыска тизмеге киргизет.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Биздин жоопту күтүңүз.
3-баскыч: Интервью

Эгер сиз кыска тизмеге кирсеңиз, сиздин калоолорду жана күтүмдөрдү тактап билүүгө багытталган кыска бейрасмий интервьюга чакырыласыз.

Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Интервью учурунда өзүңүздүн потенциалдуу милдеттер тууралуу кененирээк маалымат
бериңиз.
4-баскыч: Текшерүү
Биз PEAKтин талаптарына ылайык кыска текшерүү жүргүзөбүз.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Сизден жеке күбөлүгүңүздүн же паспортуңуздун көчүрмөсүн берүү талап кылынат.
5-баскыч: PEAKтин устаттар тобуна кошулуу

Текшерүүдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин, сиз PEAKтин устаттар тобуна кошулду деген билдирүү аласыз жана PEAKтин устатчылык тааныштыруу сессиясына чакырыласыз.

Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
PEAKтин устатчылык тааныштыруу сессиясына катышууга убакыт бөлүңүз.
6-баскыч: Устатчылык
Муктаждыктары сиздин каалоо-талаптарга шайкеш келген шакирт менен сиз бир жуп болуп биригесиз. Андан соң сиз 2-3 ай аралыгында атайын устатчылыкка арналган убакытты шакирт менен өткөрөсүз.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
График түзүп, шакирт ишкер / компания менен устатчылык сессияларын өткөрүңүз. Устатчылык сессиялардын жетишкендиктерине көз салып, PEAKке кыска маалыматты берип, натыйжалуу устатчылык үчүн керектүү болгон колдоону алып туруңуз.
7-баскыч: Устатчылыктан кийинки тажрыйба
Сиз PEAKтин устатчылык программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн катарына кошулуп, мындан аркы устатчылык үчүн PEAK жана башка устаттар менен ар дайым байланышта болосуз.
Сиз тараптан көрүлүүчү аракеттер:
Башкаларды да шыктандыруу үчүн тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, аны андан ары да
жайылтыңыз!

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023