Please wait, loading...

 

Вебинар “Бизнестин туруктуулугу үчүн керектүү элементтер”

24.12.2021by PEAK_admin

Бүгүнкү күндө бизнести өнүктүрүүдө керектүү кандай гана ыкмалар жок. Ар бир ишкер үчүн ошол ыкмаларды туура колдонуп, туруктуу бизнес жаратуу оңой эмес.

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди “Бизнестин туруктуулугу үчүн керектүү элементтер” аттуу онлайн вебинарга чакырат.

Спикер Назира Жумабекова – PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун “Бизнесиңди өстүр” программасынын ийгиликтүү бүтүрүүчүсү. Назира айым “5+” билим берүү борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. 2021-жылы STEM системасында түзүлгөн робототехника жана инженерия боюнча Robooky School окуу программасынын расмий өкүлчүлүгүн Кыргызстанга алып келди.

Назира Жумабекова сиздер менен инвесторлордун кызыгуусун жаратуу, франшиза (расмий өкүлчүлүк) алуу мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып, айым катары ишкерликтин керектүү элементтери менен бөлүшүп, сиздер менен пайдалуу маек курууга даяр.

Сиздерди 24-декабрда саат 15:00дө онлайн вебинарда күтөбүз.

Вебинарга катталуу үчүн бул шилтемедеги форманы алдын ала толтуруңуздар http://peak-mel.com/bic/event/participants/0c199663-604f-4f49-88e5-714ef0eb107e/create.

Вебинар кыргыз тилинде Zoom аркылуу өтөт. Катышуу акысыз.

Вебинардын Zoom шилтемеси сиздер каттоо формасында көрсөткөн электрондук дарегиңиздерге алдын ала жөнөтүлөт.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023