Please wait, loading...

 

“Маданур” мейманканасы: Каракол шаарында туризмдин өнүгүшү

25.06.2021by PEAK_admin

Мадина Балахишева мейманканасынын биринчи кабатында жайгашкан кофекананын маңдайында

“Маданур” мейманканасынын жана анын азыркы ээси Мадина Балахишеванын тарыхы токсонунчу жылдардан башталат. Мадинанын ата-энеси ошол кезде сатып алган имаратты (азыркы мейманкана) кафе жана дүкөн кылып жабдышкан. 2006-жылы ушул эле имараттын экинчи кабатында мейманкана ачылып, бизнес кеңейтилген. Мейманкана туристтерди кабыл алып, Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын ар кандай конференцияларын жана окутууларын өткөрүү үчүн дагы популярдуу болгон. Бул учурда Мадина жана анын жолдошу Казакстандын Алмата шаарында төрт-жылдыздуу мейманкананын башкаруучулары болуп иштешкен. 2012-жылы Мадинанын ата-энеси үй-бүлөлүк бизнести сатууну чечишкен. Бул кабарды энесинен уккан Мадина жана анын жолдошу дароо чечим кабыл алышып, кичи мекени Караколго кайтып, бизнести өз колуна алышты. Жубайлардын мейманкана тармагындагы башкаруучу тажрыйбасы жана Алматадан алып келген жаңы технологиялары алардын “Маданур” мейманканасынын жаңы брендинин өнүгүшүнө салым кошту. Ийгиликтүү ишкер айым өз ишин чын дилинен сүйгөн Мадина Балахишеванын ишкердик жолу так ушундай башталды.

“Маданур” мейманканасы – Каракол шаарынын туристтик экосистемасынын маанилүү бир бөлүгү. “Маданур” аймактагы туризмди жана меймандостукту өнүктүрүү боюнча ар кандай долбоорлорго активдүү катышкан. Мадина ата-энесинин шаардын туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошуу салтын улантты. Ал туризмди жергиликтүү бизнес коомчулугу биргелешкен аракеттери менен өнүктүрө алат деп терең ишенет. Мадинанын айтымында, шаардын туристтери жана коноктору жатакана, тамак-аш жана көңүл ачуу боюнча ар тараптуу сунуштарды тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Мадина туристтик бизнестин өкүлдөрү тарабынан негизделген “Дестинация Каракол” бейөкмөт уюмунун мүчөсү. Алар биргеликте көптөгөн долбоорлорду ишке ашырышты, алардын бири Каракол шаарындагы жергиликтүү тургундар жана туристтер үчүн атайын салынган “Ривер Парк” (River Park) эс алуу жайы.

Каракол шаарындагы River Park эс алуу жайы

“Биз ар дайым туризм тармагындагы тенденцияларын байкоого  умтулабыз”, – дейт Мадина.

Мадина Каракол шаарында дүйнөлүк Booking.com платформасын иш шартында колдонгон ишкерлердин бири болгон. Covid-19 пандемиясы туризм тармагына сокку берип, “Маданур” мейманканасы да башкалар менен катар оор абалда калды. Бирок Мадина Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланган PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун окутуу программасына катышып, оор кырдалдан акылдуулук менен чыкты.

2020-жылы Мадина PEAKтин “Бизнесиңди Өстүр” акселерациялык программасын ийгиликтүү аяктаган. “Бизнесиңди Өстүр” программасы Covid-19 пандемиясынын кесепеттеринен кийин үй-бүлөлүк бизнести калыбына келтирүүгө жардам берди. “Бизнесиңди Өстүр” программасынын алкагында алынган билимдер жаңы бизнес идеяларды жаратууга жана аларды реалдуу өнүмгө айландырууга өбөлгө түздү.

“Бизнесиңди Өстүр” акселерациялык программасы бизнесиме жакшы түрткү берип, өз күчүмө ишенүүгө жардам берди”, – дейт Мадина.

Финансылык менеджмент жаатында алынган билим жана көнүмдөр Мадинага жана анын жолдошуна банктын өкүлдөрү менен мындан ары каржылоо маселеси боюнча ишенимдүү сүйлөшүүгө жардам берди. Ошентип, “Маданур” мейманканасы эски насыяны ийгиликтүү кайрадан каржылап, насыянын чегин 3 миллион сомго чейин көбөйтүп, насыянын пайыздык ченин кыйла төмөндөтүп ишин улантууда.

“Маданур” мейманканасынын биринчи кабаты

“Бизнесиңди Өстүр” программасын аяктагандан кийин Мадина Accelerate Prosperity уюмунан бизнесинин өнүгүшүнө каражат алууга жетишти. ““Бизнесиңди Өстүр” программасынын натыйжасында алган бардык билимдерим сапаттуу бизнес долбоорун түзүүгө жана инвестициялык комитеттин алдында мыкты презентация жасоого өбөлгө болду. Натыйжада, Accelerate Prosperity биздин долбоорду тандап каржылады ”, – деди Мадина.

2021-жылдын февраль айында “Маданур” мейманканасы ири иш-чаралар үчүн жаңы конференц-залдын курулушун баштаган. Анын ичинде, мейманканада биринчи жолу спа кызматтары ишке киргизилди. Жакынкы арада “Маданур” экологияны сактоого багытталган жашыл технологияларды өздөштүрүү менен smart (акылдуу) мейманканага айланууну пландаштырып жатат. Мадина Балахишева Каракол шаарында жаңы бизнес идеяны – курьердик жеткирүү боюнча кызматын – ишке киргизүүгө   даярданууда.

PEAK жөнүндө

PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid каржылоосу менен PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын алкагында түзүлгөн. Борбор өлкөнүн экономикасынын ар түрдүү секторлорунда иш алып барган стартаптар жана микро, чакан жана орто ишканалар менен иштешип ишкердик идеяларды туруктуу бизнеске айлантууга жана улуттук, региондук, эл аралык рынокторго чыгууга жардам берет. 2023-жылдын апрелине чейин PEAK программасы Кыргызстандагы 400дөн ашык стартаптарды жана микро, чакан жана орто ишканаларды окутуу аркылуу жумуш орундарын сактап калууга жана түзүүгө салым кошот.

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023