Please wait, loading...

 
HomeAuthor

PEAK_admin

Кыргызстандагы Ишкердиктин дүйнөлүк чемпионаты-2021 өтүнмөлөрдү кабыл алууда

Ишкердиктин дүйнөлүк чемпионаты (Entrepreneurship World Cup) 2021-жылга каттоонун ачылгандыгын жарыялайт жана өтүнмөлөрдү тапшырууга чакырат. Бул глобалдык конкурс бизнес-долбооруңузду эл аралык аренада тартуулап жалпы суммасы 1 миллион АКШ долларын түзгөн байгелерди утуп алууга (анын ичинен 500 миң АКШ доллары биринчи орунга), ошондой эле инвестиция жана материалдык эмес колдоо алууга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Чемпионат бардык керектүү билимдерди жана...

PEAK Osh борбору “Мигрант ишкер” программасы жөнүндө маалыматтык жолугууга чакырууда

Ийгиликтүү бизнес жүргүзүү боюнча акысыз окутуу программасына өтүнмөңүздү калтырууга шашылыңыз! PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору эмгек миграциясынан кайтып келип, Кыргызстанда өзүнүн бизнесин өнүктүрүүнү каалаган жарандарыбыз үчүн “Мигрант Ишкер” программасын сунуштайт. «Мигрант ишкер» программасы тууралуу суроолорго жооп же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 6-май жана 12-май күнү саат 17:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтеме...

PEAK Osh «Мигрант ишкер» программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

– Эгер сиз эмгек миграциясынан кайтып келип, Кыргызстанда өзүңүздүн бизнесиңизди ачуу боюнча алгачкы кадамдарыңызды баштаган болсоңуз; – Өнүм же кызматыңыздын биринчи сатууларын ишке ашырып, аны өнүктүрүү үчүн колдоо издеп жаткан болсоңуз; Анда, ийгиликтүү бизнес жүргүзүү боюнча акысыз окутуу программасына өтүнмөңүздү калтырыңыз! Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Мигрант ишкер» пре-акселерациялык программасына...

Gulum: Кантип тигүүчү ишкана пандемиянын кесепеттерин жеңип, кирешесин эки эсеге көбөйттү

Гульмира Джунусова, Gulum ишканасынын негиздөөчүсү Тигүү өнөр жайынын негиздөөчүсү Гүлмира Джунусова бала кезинен аялдардын кийимдерин тигүү идеясын жактырып келген.  36 жашындагы Гүлмира 2010-жылы тигүү цехин ижарага алып, беш тигүүчү машина сатып алган. Сегиз жылдын ичинде Бишкек шаарында жайгашкан бизнес 40 кызматкерден турган толук жабдылган тигүү цехине айланды. Цех жумасына эки миңден ашуун аялдардын кийимдерин өндүрүп,...

PEAK Kyrgyzstan – Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү

Кыргызстандагы PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы – 10-апрелде Бишкек шаарындагы Спорт сарайында өтүүчү Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү. Форумда КМШ мамлекеттеринин эң мыкты ишкерлери катышат. Казахстан, Өзбекстан жана Россиядагы Seimar Investment Group, Dodo Brands, Anglesey Food, RIKI, Whitewill, Ticketon.kz, Freedom Holding Corp. компанияларынын жетекчилери бизнести өнүктүрүү, негизги тренддерди аныктоо жана аларды күчтүү сапаттарга айландыруу...

“Тенгри” устаканасы жаңы рынокторду багындырууда

“Тенгри” компаниясынын негиздөөчүсү Улан Таштанбеков (солдо) жана цехтин директору Даулет Бабаев (оңдо) шаардын борборундагы жаңы устаканада Жаш жана таланттуу ишкер Улан Таштанбеков өз кезинде кол өнөрчүлүк менен алек болушун чечкен. Анын “Тенгри” устаканасы табигый булгаарыдан жана кийизден ар кандай буюмдарды колго жасайт. Улан бизнести 2014-жылы, университетте төрт жыл окуп бирок юридикалык адистиктен баш тартууну чечип,...

PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди “Ишкердиктин укуктук негиздери” темасындагы вебинардын жазуусун көрүүгө чакырат! Вебинарда бизнести ачуудагы укуктук ченемдер жана салык маселелери боюнча маалымат ала аласыздар. Спикер: Мээрим Мурсалиева, «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАКнун башкы бухгалтери жана “ТФС Консалтинг” ЖЧКнун өнөктөшү. Вебинар 17-март күнү саат 18:00дө Zoom платформасы аркылуу кыргыз тилинде өткөн.

“Седеп” тигүү ишканасы Тенги айылынын тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртууда

Пардакан Томуева, “Седеп” ишканасынын негиздөөчүсү Пардакан Томуева медициналык кызматкер катары саламаттыкты сактоо тармагында 13 жыл иштегенден кийин ишкер айым болууну чечип, өз жашоосун түп-тамырынан бери өзгөрткөн. Пардакан Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Тенги айылында жашайт. Пардакан бүткүл өлкө боюнча, айрыкча айыл жеринде, аялдардын ишкердүүлүгү тездик менен өсүп, экономикалык бакубатчылыкка жетишүүгө өбөлгө түзүп жаткандыгынын зор үлгүсү....

Бизнесиңизди өнүктүрүү боюнча пайдалуу кеңештерди алыңыз! PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сиздерди “Академия роста” интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун негиздөөчүсү жана башкы директору Сайкал Асылбекова менен «Ишкердүүлүк» темасындагы онлайн вебинарга чакырат. Сайкал Асылбекова сиз менен өзүнүн бизнес идеясын нөлдөн баштап, улуттук жана эл аралык деңгээлге чейин өркүндөтүү тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Ишкерлердин арасындагы сурамжылоого катышууга чакырабыз

Онлайн куралдары менен продукцияңызды же кызматыңызды жарнама кылгыңыз келеби? PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Кыргызстандагы ишкерлер үчүн санариптик маркетинг жана электрондук коммерцияны окутуу программасын баштоону пландаштырууда. Программаны мүмкүн болушунча пайдалуу кылуу үчүн PEAK Bishkek сурамжылоо жүргүзүп жатат. Эгер сиз онлайн сатууга өтүүгө даяр болсоңуз же учурдагы онлайн каналдарды өнүктүрүүнү, өздөштүрүүнү көздөп жатсаңыз, биз сизден бир...

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023