Please wait, loading...

 
HomeCategory

Жаңылыктар

PEAK Osh борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

Айымдар үчүн өз бизнесин ачуу боюнча акысыз окутуу! Ишкердик идеяңызды туруктуу бизнеске айлантыңыз! PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору “Бизнес айым” пре-акселерациялык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда. Программага катышууга бизнес-идеясы бар же ишкердикти жаңы баштап келе жаткан айымдар чакырылат (Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан өтүнмөлөргө артыкчылык берилет). Программа Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, эч кандай акы талап...

PEAK Bishkek борбору “Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо” программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

PEAK менен тигүү ишканаңыздын экспорттук потенциалын жогорулатыңыз! Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Bishkek бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору Кыргызстанда жайгашкан тигүү ишканаларынын жетекчилерин жана негиздөөчүүлөрүн «Экспортко даярдык – тигүү өнөр жайын колдоо» акселерациялык программасына катышууга чакырат. Программа экспорттук мүмкүнчүлүктөр жөнүндө билимдерди жогорулатуу, эл аралык рынокторду жана экспорттук талаптарды жана процедураларды түшүнүү, ошондой эле эл аралык суроо...

PEAK кызматтары тууралуу Кыргызстандын ишкерлери арасында сурамжылоо

Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларга жана стартаптарга (пре)акселерациялык программаларды жана консультациялык кызматтарды сунуштаган PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборунун сурамжылоосуна катышыңыз. PEAK борборунун кызматтары Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып, азыркы учурда ишкерлерге бекер көрсөтүлөт. 2023-жылы каржылоо аягына чыгат. Ошондуктан каржылоо аяктагандан кийин Кыргызстандагы ишкерлерди, стартаптарды, чакан жана орто ишканаларды колдоону жана пайда көрсөтүүнү улантуу үчүн PEAK мүмкүнчүлүктөрдү...

PEAK Osh борборунун колдоосу менен он үч кайтып келген мигрант Кыргызстанда өз бизнесин ишке ашырды

13-август күнү он үч эмгек миграциясынан кайтып келген мекендештерибиз өздөрүнүн жаңы ачылган бизнестерин инвесторлорго, эл аралык өнүгүү уюмдарына жана бизнес ассоциацияларына тартуулады. Бул иш-чара «Мигрант ишкер» пре-акселерациялык программасынын акыркы этабы болду. «Мигрант ишкер» программасы Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланып, PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору тарабанан ишке ашырылган. Жети жумалык программанын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн...

«БИЗНЕСИҢДИ ӨCТҮР» кыргыз тилинде өтүүчү акселерациялык программага чакан ишканалардан өтүнмөлөр кабыл алынууда

Сиздин бизнесиңиздин өсүшү үчүн кыргыз тилинде билим жана колдоо сунуштайбыз! PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору сизди “Бизнесиңди өстүр” акселерациялык программасына катышууга чакырат. Өтүнмөлөр Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иш алып барып жаткан ишкерлерден кабыл алынат. Программага аялдарды, жаштарды жана айыл жергесинин тургундарын активдүү катышууга чакырабыз. Программа Улуу Британиянын Өкмөтүнүн UK aid тарабынан каржыланат. Катышуу акысыз....

Улуу Британия Өкмөтү Ош шаарында PEAK аталышындагы бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборун ачты

2021-жылдын 16-июнь күнү Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт мырза жана Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдураимов Жарасул мырза Ош шаарындагы PEAK бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борборун расмий түрдө ачышты. PEAK Osh борбору Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган төрт жылдык «PEAK» аталышындагы Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын алкагында ачылган экинчи бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору...

Кыргызстандагы Ишкердиктин дүйнөлүк чемпионаты-2021 өтүнмөлөрдү кабыл алууда

Ишкердиктин дүйнөлүк чемпионаты (Entrepreneurship World Cup) 2021-жылга каттоонун ачылгандыгын жарыялайт жана өтүнмөлөрдү тапшырууга чакырат. Бул глобалдык конкурс бизнес-долбооруңузду эл аралык аренада тартуулап жалпы суммасы 1 миллион АКШ долларын түзгөн байгелерди утуп алууга (анын ичинен 500 миң АКШ доллары биринчи орунга), ошондой эле инвестиция жана материалдык эмес колдоо алууга мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Чемпионат бардык керектүү билимдерди жана...

PEAK Osh борбору “Мигрант ишкер” программасы жөнүндө маалыматтык жолугууга чакырууда

Ийгиликтүү бизнес жүргүзүү боюнча акысыз окутуу программасына өтүнмөңүздү калтырууга шашылыңыз! PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору эмгек миграциясынан кайтып келип, Кыргызстанда өзүнүн бизнесин өнүктүрүүнү каалаган жарандарыбыз үчүн “Мигрант Ишкер” программасын сунуштайт. «Мигрант ишкер» программасы тууралуу суроолорго жооп же кошумча маалымат алгыңыз келсе, 6-май жана 12-май күнү саат 17:00дө өтө турган биздин маалыматтык сессиялардын бирине бул шилтеме...

PEAK Osh «Мигрант ишкер» программасына өтүнмөлөрдү кабыл алууда

– Эгер сиз эмгек миграциясынан кайтып келип, Кыргызстанда өзүңүздүн бизнесиңизди ачуу боюнча алгачкы кадамдарыңызды баштаган болсоңуз; – Өнүм же кызматыңыздын биринчи сатууларын ишке ашырып, аны өнүктүрүү үчүн колдоо издеп жаткан болсоңуз; Анда, ийгиликтүү бизнес жүргүзүү боюнча акысыз окутуу программасына өтүнмөңүздү калтырыңыз! Улуу Британия Өкмөтү тарабынан каржыланган PEAK Osh бизнес-инновацияларды өнүктүрүү борбору «Мигрант ишкер» пре-акселерациялык программасына...

PEAK Kyrgyzstan – Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү

Кыргызстандагы PEAK Ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасы – 10-апрелде Бишкек шаарындагы Спорт сарайында өтүүчү Борбордук Азиялык бизнес-форумдун расмий өнөктөшү. Форумда КМШ мамлекеттеринин эң мыкты ишкерлери катышат. Казахстан, Өзбекстан жана Россиядагы Seimar Investment Group, Dodo Brands, Anglesey Food, RIKI, Whitewill, Ticketon.kz, Freedom Holding Corp. компанияларынын жетекчилери бизнести өнүктүрүү, негизги тренддерди аныктоо жана аларды күчтүү сапаттарга айландыруу...

© PEAK, 2023

© PEAK, 2023